БЕШИК ТОЙ
БЕШИК ТОЙ – наристени кундактан (атайын төшөкчө) чыгарып, бешикке салар күнү берилүүчү той. Б. т-го айылдагылар, туугандары чакырылып, ошол жердеги кадырлуу байбичелер тарабынан баланы бешикке салуу жөрөлгөсү жасалган. Бул күнү боорсок бышырылып, мал союлуп, айыл-апага тамак берилген. Б. т-го чакырылгандар белек-бечкегин ала келишип, баланы алкашып, анын бешигине боорсок, таттуу, мөмө-чөмө чачышкан. Баланы бешикке саларда, арча м-н ичи-сыртын аласташкан. Чогулгандар жакшы каалоо, баталарын берип тарашат.