БЕШИК ЫРЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШИК ЫРЛАРЫ – кыргыз оозеки поэзиясын­дагы лирикалык жанр. Б. ы. адам жаралган­дан бери ырдалып келе жатат. Бала сооротуу, уктатуу максатында ырдалып, эненин балага болгон мээримин, жакшы тилектерин туюнтат. Баланын музыкага болгон кабылдоосун ойго­туп, көркөм табитин өстүрөт. Б. ы-ндагы ар бир куплет же эки сап ырдан кийин «алдей, алдей, бөбөгүм» деп кайталанган ыргактуу саптар анын поэтикалык таасирин, эмоциялык маанайын күчөтөт. Ыр саптары терметилген бешиктин ыргагына ылайык басыңкы, сызылып чыккан обон м-н аткарылат.