БЕШ ТАШ (жаш балдардын оюну)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШТАШ 1 , т о п т а ш – жаш балдардын, көбүнчө кыздардын чакмакка окшогон оюну. Аны ой-


ногонго 2ден көбүрөөк балдар катышат. Оюнга катышкандардын 1-тарабынан бирөө колунда­гы таштарды жерге чачат. Арасынан бир таш­ты алып, аны жогору ыргытып, ал жогортон келгенче жерден бир таш алып, ыргытылган ташын жерге жеткизбей тосуп алат. Жердеги төрт ташты бир-бирден алып бүткөн соң, оюнун улантып, жердеги таштарды экиден, анан үчтөн, акыры төртөөнү чогуу бир жолу алып, оюндун аягына чыкса уткан болуп эсептелет. Эгерде макулдашуу узак ойноо болсо, Б.т-тын бирин көкөлөтө ыргытып, калганын чачып жиберип тосуп алат. Андан соң аны кайра жогору ыргы­тып, жерге түшкөн таштарды сол колунун бар­мак, сөөмөйүн жерге такап, экөөнү алдынан өт­көрө бирден шилейт. Жыдыбай баарын өткөрсө, оюнду улап, андан кийин: экиден, үчтөн, акы­ры төртөөнү бир шилеп өткөрөт. Жыдыса оюн­ду атаандаштарынын кезектегисине берет.