БЕШ-ТАШ-КОРОО БАЙЫРКЫ КӨРҮСТӨНДӨРҮ ЖАНА ПЕТРОГЛИФТЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШТАШКОРОО БАЙЫРКЫ КӨРҮСТӨНДӨРҮ ЖАНА ПЕТРОГЛИФТЕРИ – байыркы түрк доо­руна (7–8 к.) таандык археол. эстеликтердин тобу. Алар Кочкор өрөөнүнүн чыгыш тарабын­дагы Каратоонун этегинде жайгашкан. Аска бе­тине түшүрүлгөн тоотекелердин, ритуалдык бий аткарган адамдардын сүрөттөрү арбын. Тооте-

Байыркы түрк көрүстөнү (аты м-н көмүлгөн маркум; Бешташкороо III).

келерге жаа м-н аңчылык кылуу көрүнүштөрү, о. эле жылкы, түлкү, карышкыр өңдүү жаны­барлардын чегип түшүрүлгөн келбеттери да кез­дешет. Сак-усун доорундагы көрүстөндөрдүн көпчүлүгү изилденген. Көрүстөндөрдүн ичинен байыркы түрк дооруна караштуу көрүстөндөр

өзгөчө маанилүү. Алар тоо этегине жакын түзөң 3 коктуда жайгашкан. Маркумдун аты м-н кошо коюу салтына ылайык, көрүстөндөрдөн жоокер­дин, аялдын, ал тургай жаш баланын да жа­нынан аттын сөөгү, ооздугу, ээри, үзөңгүлөрү табылган. Ал эми маркумдун өзү гана көмүлгөн көрүстөндөгүлөрдү тирүү кезинде социалдык аба­лы төмөн адамдар болгон деп болжоого болот. Маркумдун баш жагына койдун жото жилигин (чүкөлүү жилик) коюу салты ошол доордо ка­лыптанып, 13–14-к-га чейин уланган. Археол. эстеликти 1991–94-ж. К. Табалдиев жетектеген археологдор тобу изилдеген.


К. Табалдиев.