БЕШ-ТЕРЕК
БЕШТЕРЕК – Чүй обл-нун Москва р-нундагы
кыштак. Бештерек айыл өкмөтүнүн борбору. Райондун борбору ж-а темиржол бекети Беловодский кыш-нан 40 км түн.-батыш тарапта. 1977-ж. дың жерлерди өздөштүрүүдө негизделген. Деңиз деңг. 600 м бийиктикте. Калкы 1011 (2002); негизинен мал чарбасында ж-а дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, амбулатория, китепкана, наабайкана, ашкана бар.