БИЗНЕC-ПЛАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИ́ЗНЕC-ПЛАН (англ. business plan) – жаңы иш­кана түзүүдө маанилүү учур. Б.-п. ишкердин өзүнө‚ анын потенциалдуу инвесторлоруна ж-а кызматкерлерине керек. Ишкер өз идеяларынын ишенимдүүлүгүнө‚ инвесторлор идеянын ишке ашарына‚ кызматкерлер түзүлүүчү ишкананын келечегине ж-а милдеттерине күмөндөр болбоо­го тийиш. Ошондуктан Б.-п-да бүтүмдү жүзөгө ашыруу ж-а пайда табуу программасы камты­лат. Б.-п. түзүүдө идеяны ишке ашыруу үчүн иш­кердин алдында кандай тоскоолдуктар болору‚ о. эле жаңы ишканада өндүрүлүүчү товарга же көрсөтүлүүчү кызматка суроо-талаптын өлчөмү‚ ишкананын өндүрүштүк ж-а финансылык ке­ректөөлөрү эске алынуусу керек.