БИЙ (искусство түрү)
БИЙ 1 – иск-вонун адамдын дене кыймылынын жардамы м-н көркөм образ жаратуучу түрү. Б. түпкүлүгүндө байыркы магиялык оюндардан, эмгек процессине байланыштуу кыймыл-аракеттерден келип чыккан. Алгач Б. сөз м-н обонго байланыштуу болгон. Тарыхый өнүгүүнүн натыйжасында музыка м-н жашай турган өнөрдүн бир тармагына айланган. Жаратылыш кубулуштарын, аңчылык м-н согуш көрүнүштөрүн белги-

лүү тартипке түшүрүлгөн ыргактуу кыймыл м-н туюнтуу Байыркы Кытай ж-а Индияда эң жогорку деңгээлге жеткен. Байыркы Римде көңүл ачуу, ал эми Байыркы Грекияда тарбия каражаты болгон. О. кылымда дин өкүлдөрү Европада бийчилерди куугунтуктаган. Кайра жаралуу доорунда Италия, Франция ж. б. өлкөлөрдө Б. кайрадан өнүгүп, коомдук колдоого алынган. 16-к-дын акырында балет өнөрү өзүнчө өнүгө баштайт. Францияда королдук бий академиясы (1661) уюшулат. 17–19-к-да гавот, полонез, менуэт, мазурка, краковяк Б-лери өнүгөт. 19-кдын аягы – 20-к-дын башында бир катар Европа өлкөлөрү м-н АКШда Б-дин жаңы түрлөрүн киргизүүгө болгон далалат күчөйт. Б-лер элдик, балеттик, классикалык болуп бир нече түргө бөлүнөт. Балетмейстер Н. Холфин кыргыздын элдик оюндарынын, ырым-жырымдарынын, эмгек процесстеринин негизинде «Кийиз» деген туңгуч Б-ди, «Алтын кыз» муз. драмасына, «Айчүрөк» операсына бийлерди жаратты. Кийин ал
«Анар», «Селкинчек» балеттерине элдик бийлерди көбүрөөк пайдаланган. «Чолпон», «Алатоодогу жаз», «Куйручук», «Асел» ж. б. балеттери улуттук Б-дин мыкты үлгүлөрүнө айланды. 1966-ж. кыргыздын элдик бий ансамбли уюшулган, к. «Акмарал» мамлекеттик бий ансамбли.
Ад.: Ткаченко Т. С. Народный танец. М., 1954; Львов Н. Киргизский театр. М., 1953.
Б. Алагушов.