БИЛАЛ НАЗЫМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЛАЛ НАЗЫМ (өз аты Билал Юсуп уулу; 1825, Кулжа–1899, Жаркент) – уйгур ад-тынын клас­сиги. Кулжадагы (Синцзянь) мектептен, медре­седен таалим алган. Чыг-лыгы 1840-жылдарда башталган. 1852-ж. «Газалияты» (ырлары) кол­жазма түрүндө тараган. Анын чыгармалары­нын негизги темасы – сүйүү. Уйгур элинин азат­тык күрөшү ж-дө «Кытайдагы козголуш» дас­танын жазган. Бул чыгарма 1880-ж. Казанда басылган. Фольклордук эстетиканын неги­зинде жазылган «Алдамчы Юсуп хан» (1881) поэмасынын ж-а «Назугум» (1882) повестинин автору.