БИЛГЕ КАГАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЛГЕ КАГАН , М о г и л я н (683–734) – экин­чи Чыгыш Түрк кагандыгынын каганы (716–734). Кутлуг хандын тун уулу, Күлтегиндин агасы. 716-ж. Күлтегиндин демилгеси м-н ордо төңкө­рүшү ишке ашып, Билге такка отурат. Б. к. бийликке келгенден кийин эки-үч жылдын ичин­де көтөрүлүш чыгарган урууларды басып, өлкөнү тартипке келтирген. Ал Кытай м-н мамилени жакшыртууга аракеттенген. Бирок Тан импе­ратору анын аракетине каршы чыгып, чоң ар­мия топтогон. Армиянын негизги сокку уруучу атчан аскерлери басмыл, кидан, татаби ж-а ба­шында Кытайга качып барган Капаган каган-

Файл:БИЛГЕ КАГАН110.png
Билге Кагандын фан тыйындары.

дын кичүү уулу Бек тегин турган түрктөрдөн куралган. Алдынала сүйлөшүүлөр б-ча түрктөр­дүн ордосуна чыгыштан татаби ж-а кидандар, түштүктөн кытайлар, батыштан басмылдар ча­буул жасамак. Муну билип калган Б. к. ж-а Тонйукуктун аскерлери 720-ж. күзүндө басмыл­дарды тосуп чыгып, аларга катуу сокку уруп,

чегинүүгө аргасыз кылат. Андан кийин Тонйу­кук ж-а Күлтегиндин аскерлери Бешбалыктан Бансу аймагына жортуул жасап, ага каршы коюлган аскерди талкалап, Лянчжоу аймагын багындырган. Ордосуна кайтып келе жатканда Б. к. кидандарды, андан кийин татабилерди катуу жазалаган. Император Сюанцзян айласы куруп, 721-ж. Б. к. м-н келишим түзөт. Андан кийин Кытай м-н Чыгыш Түрк кагандыгынын ортосунда кагылыштар болгон эмес. Аларда мезгил-мезгили м-н товар алмашуулар болуп, Б. к. императорго аргымактарды жөнөтүп, ан­дан алтын, күмүш ж-а жүз миң таңгак жибек алып турган. 734-ж. Б. к-ды төрөлөрүнүн бири уу берип өлтүргөн.

Ад.: Бичурин Н. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М., 1950. Т. 1; Малов С. Е. Памятники древнетюркской письменности Монголии и Киргизии. М.; Л.; 1959; Өмүркул Кара уулу. Көөнө түрктөр тарыхы. Б., 1994.