БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИН ЛИЦЕНЗИЯЛОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИН ЛИЦЕНЗИЯЛОО – ар кандай окуу жайга билим берүү иш­мердигин жүргүзүү б-ча расмий уруксат берүү же бербөө ж-дө кабыл алынган чечим. Билим берүү министрлиги тарабынан берилет. Анда мамл. талаптардын негизинде таалим-тарбия мекеме­синин билим берүүчүлүк мүмкүнчүлүктөрү: окуу бөлмөлөрдүн, окуу куралдардын жетиштүүлүгү, жогорку квалификациялуу адистер м-н камсыз болуусу ж. б. шарттары эске алынат.