БИЛЬБАО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЛЬБА́О – Испаниянын түндүгүндөгү порт шаар. Атлантика океанынын Бискайя булуңу­нун жээгинде, Нервьон д-нын төмөнкү агымын­да жайгашкан. Б. Баск өлкөсүнүн ж-а Бискайя провинциясынын адм. борбору. Калкы 352,3 миң (2004). Жолдор тоому. Эларалык аэропорту бар. Кара металлургия, оор машина куруу, хим., нефть ажыратуу, текстиль, тамак-аш, айнек, кагаз өнөржайлары, музей, ун-т иштейт. Готи­ка стилиндеги сепил (14-к.), «модерн» стилин­деги ратуша (1890, арх. Руков) сакталган. 1300-ж. негизделген.