БИНАРДЫК НОМЕНКЛАТУРА
БИНАРДЫК НОМЕНКЛАТУ́РА (лат. binarius – кош) – өсүмдүк, жаныбар, микроорганизм түрлөрүнүн эки сөз м-н аталышы. Аны швед окумуштуусу К. Линней киргизген (1753). Өсүмдүктөргө ботан. ат коюу ж-дө атайын эреже иштелип чыккан ж-а мезгили м-н Эларалык ботан. конгрессте каралып турат. Түрдүн аты эки сөз м-н (уруусу ж-а түрү) латын тилинде берилет. Бул номенклатура таксономиялык маалыматты так берип, колдонууга оңой болгондуктан, азыркыга чейин кеңири колдонулат.