БИОГЕОХИМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОГЕОХИ́МИЯгеохимиянын бир бөлүгү. Б. организмдин хим. курамын ж-а хим. элемент­тердин жер бетине таралышына ж-а топтолуу­суна тирүү заттардын катышын изилдейт. Орга­низмдер жашоо тиричилигинде түрлүү хим. эле­менттерди өзүнө сиңирет, кийин алар ажырап, бөлүнүп чыгат да, бир жерге чогулат же чачы­рап кетет. Б. процесстеринин өөрчүшүндө орга­низмдин көбөйүү ылдамдыгы чоң мааниге ээ. Бул өзгөчө жөнөкөй түзүлүштөгү өтө тез көбөйө турган организмдерге (бактериялар, козугарын­дар, балырлар) тиешелүү. Тирүү организмдин курамына бизге белгилүү хим. элементтердин дээрлик баары ж-а алардын изотоптору кирет. Көбүнчө организмдердин тиги же бул түрү белги­лүү гана хим. элементтерди өзүнө топтойт, б. а. организмдин хим. курамы белгилүү бир түр үчүн мүнөздүү белги болуп саналат.

Ад.: Ковальский В. В. Геохимическая среда и жизнь. М., 1982.