БИОГЕОЦЕНОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОГЕОЦЕНОЛО́ГИЯ (био…, гео… гр. koinos – жалпы, ...логия) – биогеоценоздордун пайда болушун, калыптанышын, функциясын ж-а өнүгүү законченемдүүлүктөрүн үйрөтүүчү илим. Бул илимдин негизги максаты – адамдын (коом­чулуктун) чарбалык-экон. керектөөсүн ка­нааттандырууда, жаратылыштын законче­немдүүлүктөрүн эске алуу м-н ил. негизде иш жүргүзүү. О. эле, айлана-чөйрөнү коргоо, жа­ратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу, токой, а. ч. ж-а суу чарба маселелерин чечүүдө мааниси чоң.