БООРДОШ ШААРЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:27, 26 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БООРДОШ ШААРЛАР ар түрдүү мамлекеттердин ич ара достук мамилени, маданий, чарбалык кызматташтыкты түзгөн жана бекемдеген шаарлары. Боордош шаарлар бири-биринен тиричилиги, тарыхы жана маданияты м енен таанышууга аракет жасап, элдер (улуттар) арасында достук мамилени бекемдөөгө үндөйт. Алар жашоо деӊгээлди жакшыртуу максатында түрдүү багыттар боюнча (спорт, чыгармачыл коллективдер, сүрөт көргөзмөлөрү ж. б.) делегацияларды бири-бирине жиберишет. Шаарлар арасында мындай кызматташтык 1942-жылдан (Сталинград коргоочуларына Англиянын Ковентри шаарынын тургундарынан келген сыймыктануу жана достукка үндөө телеграммасынан) башталган. Бүгүнкү күндө Боордош шаарлардын бүткүл дүйнөлүк федерациясы уюшулган. 1963-жылдан баштап апрелдин акыркы жекшембиси бүткүл дүйнөлүк Боордош шаарлар күнү деп белгиленип келүүдө.
Б. Үсөнканов.