БЕЙШЕКЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЙШЕКЕ – Талас обл-нун Карабуура р-нунда­гы кыштак. Бейшеке айыл өкмөтүнө караштуу. Сарымсакты бөксөтоосунун этегинде, Талас ка­налынын боюнда, деңиз деңг. 887 м бийиктик-


те жайгашкан. Райондун борбору Кызыладыр кыш-нан 16 км. Маймак (Казакстан) темиржол бекетинен 65 км. 1930-ж. отурукташкан. Кал­кы 1684 (2006); негизинен дыйканчылыкта ж-а мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала­бакча, үйбүлөлүк дарыгерлер тобу, китепкана, соода түйүнү, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик согушта кур­ман болгондорго эстелик тургузулган.