БЕЙШЕКЕ ТУРГУН ЖАЙЫ
БЕЙШЕКЕ ТУРГУН ЖАЙЫ – 10–12-к-га таандык эл отурукташкан жайдын калдыгы. Талас өрөөнүндөгү Бейшеке кыш-нда. Эки бөлүктөн турат. Биринчиси тик бурчтуу формада, аянты 160x200 м. Экинчи бөлүгү толугу м-н сакталбай калган, аянты болжол м-н 260x270 м. Экөө тең чеп м-н курчалган.