БЕКЕТОВ Николай Николаевич

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕКЕ́ТОВ Николай Николаевич [1 (13).1.1827, Пенза губерниясы, жаңы Бекетовка кыш. – 30.11(13.12).1911, Санкт-Петербург] – орус фи­зик-химиги, Петербург ИАнын акад. (1886), Физик-химиктердин мектебин негиздөөчү. Ка­зан ун-тин 1849-ж. бүтүргөн. 1859–87-ж. Харь­ков ун-тинин проф. 1886-жылдан Петербург ИАда иштеген. Ал басым алдында металлдар­ды алардын туздарынын эритмелеринен суутек ж-а жогорку темп-рада башка металлдарды туз­дарынан магний м-н цинк сүрүп чыгара турган­дыгын аныктаган. 1859–65-ж. жогорку темп­рада металлды металл оксиддеринен алюминий м-н калыбына келтирүү мүмкүн экенин байка­ган. Бул иштери алюминотермия процессине негиз болгон. Ал физ. химиянын өсүшүнө, аны өзалдынча илимий ж-а окуу сабагы катары кир­гизүүдө зор эмгек сиңирген.