БЕКМУРАТОВА
БЕКМУРАТОВА Салима Саидовна (17. 12. 1932, Ош обл., Карасуу р-ну, Жылкелди кыш. – 13.10.1995, Бишкек) – опера ырчысы (лирикалык сопрано), Кыргыз ССР эл арт. (1973).

Б. Москвадагы П. И. Чайковский атн. мамл. консерваторияны бүткөндөн кийин (1952) А. Малдыбаев атн. Кыргыз мамл. опера ж-а балет театрында, 1977- жылдан Т. Сатылганов атн. Кыргыз мамл. филармониясында эмгектенген. Ал О. Азия респ-лары м-н Казакстан ырчыларынын ичинен биринчи болуп, 1953-ж. Бухарестте өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар м-н студенттердин 4- фестивалында Алтын медалга татыктуу болгон, ырчылардын Бүткүл союздук конкурсунун дип-

ломанты (1957). Б. дүйнөлүк ж-а кыргыз композиторлорунун операларынан 30дан ашык партия аткарган: Баттерфляй (Ж.Пуччини,
«Чио-чио-сан»), Виолетта, Жильда (Ж. Верди, «Риголетто», «Травиата»), Гүлчехра (У. Гажибеков, «Аршин мал алан»), Айчүрөк, Тотуя (А. Малдыбаев, В. Власов ж-а В. Фере, «Айчүрөк», «Токтогул»), Айнажан (М. Абдраев, «Жаш жүрөктөр») ж. б. Концерттик ырчы катары да белгилүү. Чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. Кыргыз ад-ты м-н иск-восунун Москвада өткөн 2-он күндүгүнүн катышуучусу (1958). Анын аткаруусунда 500дөн ашык опералардан ариялар, ырлар, романстар Бүткүл союздук ж-а Кыргыз радиосунун алтын казынасына жазылган. КРдин Токтогул атн. мамл сыйл. лауреаты (1986). Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.
Ад.: Алагушов Б. Кыргыз Улуттук филармониясы. Б., 2206.