БЕКСАЛОВ
БЕКСАЛОВ Есенгелди (1. 5. 1942-ж. т., Өзбек ССРи, Сурхандарыя обл., Шорча р-ну, Аккапчыгай кыш.) – техника илимд. доктору (1987). ФПИни (1966), Фрайбергдеги (Германия) Тоо академиясынын аспирантурасын (1972) бүтүргөн. Кыргыз ССР ИАда лаборатория башчы (1981), «Тоокен» ил.-технол. борборунун директору (1992–95), КР УИАда Тоотектердин физикасы ж-а механикасы ин-тунда бөлүм башчы (1995- жылдан). Тоо ж-а курулуш-жол машиналары, жер астындагы курулуш техникасы ж-а технол. б-ча адис. 100дөн ашуун ил. эмгектин, а. и. 3 монографиянын, 7 окуу куралынын, 6 ойлоп табуунун автору.
Эмг.: Безвзрывная технология разработки скальных пород при строительстве и реконструкции транспортных коммуникаций в горных условиях. Б., 2000.