БЕЛ КУДА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛ КУДА – бала төрөлө электе кудалашуу салты. Бири бирине ымаласы жакын эки үйбүлө өзүлөрүнүн жакындыгын күчөтүү максатында Б. к. болушкан. Сөөк жаңыртуу иретинде да кудалашкан. Балдар төрөлгөндө экөө тең кыз же эркек болсо, анда алар эки баланы достош­туруп коюшкан. Бири кыз, бири эркек болсо кудалашуусун улантышып, куда салтын жасаш­кан. Б. к. салты казактарда, о. эле О. Азиянын башка элдеринде да кездешет.