БЕЛ-АЛДЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛАЛДЫ – Жалалабат обл-нун Токтогул р-нун­дагы кыштак. Белалды айыл өкмөтүнө караш­туу. Белалды тоосунун түштүгүндө, деңиз деңг. 1380 м бийиктикте жайгашкан. Райондун бор­бору Токтогул шаарчасынан 45 км түн.-чыгыш тарапта. Ташкөмүр темиржол бекетинен 180 км. 1900-ж. отурукташкан. Калкы 1001 (2002); не­гизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мек­теп, ФАП, китепкана, 2 тегирмен, дүкөн, май чыгаруучу цех бар.