ВАЛЮТА ОБЛИГАЦИЯЛАРЫ
ВАЛ́ЮТА ОБЛИГАЦИЯЛАРЫ – баалуу кагаздар рыногунун элементи. Ишканалар В. о-н учурда негизинен чет өлкөлүк инвесторлордун табыштамасы м-н аныкталуучу рынок баасында сата алышат. Чет өлкөлүк инвесторлор бул кагазга акча салуу м-н алар көп киреше алууну көздөшөт. В. о-нын ээси болууга ниеттенген ишканалар алардан кредит алуусу же ишенимдик башкарууга берүүсү мүмкүн.