БАЙТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:33, 3 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙТ (англ. Ьуіе - экилпк белги 0 же 1) - ЭЭМде маалымат берүү, сактоо ж-а иштеп чы­гууда колдонулуучу 8 бит тен турган бирдик. Ал тамга, санарип же башка символду ж-а аларды компьютердик эсте адрестөөдө колдонулат. Байт информацияны өлчөөнүн эң кичине адрестелүүчү бирдиги болуп эсептелет. Бит - информацияны өлчөөнүн эң кичине бирдиги. Ал өз алдынча көп сандагы берилиштерди көрсөтө албайт, бирок 8 биттен турган топ аркылуу ар башка 256 комбинацияны түзүүгө болот. Мындай комбинациялар аркылуу компьютерде колдонулган ар бпр тамга (белги-символ), атап айтканда ариптер (төмөнкү ж-а жогорку регистрде), санариптер (0дөн 9га чейпн) ж. б. атайын символдор көрсөтүлөт.