БЕКТАШИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:29, 21 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕКТАШИЯ , б е к т а ш т а р – дербиштердин ордени ж-а бул ордендин мүчөлөрү. Эл ичинде айтылган маалыматтарга караганда, орто азия­лык календер кожо Бекташ Вали Нишапури Хо­расани (1208–70) тарабынан негизделген. Кичи Азияда 13-кылымдын аягы – 14-кылымдын башында ал­гач жергиликтүү көчмөн ж-а отурукташкан түрк элде­ринде пайда болуп, кийин Түркия ж-а Балкан­га кеңири тараган. Бекташиянын диний ишенимдери, ырым-жырымдары ислам (негизинен шииттик) ж-а христианчылыктын айрым элементтеринен куралган. 19-кылымга чейин Түркияда Бекташиянын тааси­ри зор болгон. Анткени бекташтар янычарлар м-н тыгыз байланышта болгон. 1826-жылы султан Махмуд II ордендин ишине тыюу салганына ка­рабастан, 19-кылымдын ортосунда алардын иш-ара­кети жандана баштаган. 1925-жылы Түркия өкмөтү тарабынан өлкөдөгү бардык дербиштик орден­дер жоюлган. Учурда анын борбору Албанияда орун алган.