ГРАНУЛ ТОЮТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРА́НУЛ ТОЮТ – ун тоюттун майда, нык бүртүкчөлөргө (гранул) айландырылган аралашмасы. Тоют (комбитоют, чөп уну) атайын машина м-н тоголок, сүйрү, чарчы ж. б. формага келтирилет. Ал ташууга, малга ченеп берүүгө оӊой, коробойт, продукциянын бирдигине тоют чыгымы аз. Г. т-та азык заттар, витаминдер көпкө сакталып, батташпайт, тоӊбойт. Бардык малга, бакма канаттууга берилет. Мал тез жеп, жакшы сиӊирет. Бүртүкчөлөрдүн өлчөмү тоюттандырылуучу малдын түрүнө, жашына жараша 1–20 мм болот. Г. т. кампада сакталат.