БЕЛЕК (сыйлык, тартуу)
БЕЛЕК 1 – сыйлык, тартуу. Байыртадан уз, усталардын асемделип, колго жасалган нускалуу буюмдары (кийим-кечек, буюм-тайым, сынпос ээртокум, камчы, кемер, чачпак, желбирөөч ж. б.), мал (күлүк ат, жорго) же көпчүлүктүн көз кырында турган баалуу нерселер калк кадырмандарына Б. катары тартууланып келген. Аны алган адам ыраазычылыгын билдирип, Б. тартуулаган адамга байлыгын, бардардыгын, жоомарттыгын, жол билгилигин көрсөтүп, ат, тай, тайлак, торпок, кой, чоң байлар короосуна кой салып, өрүшүнө мал айдап беришкен. Тойдо таякелерине мейманчылап келген жээндерди өзүнчө бөлүп, аларга атайын жээнтабак уюштурушуп, Б. катары акча-тыйын, кийим-кече, мал ж. б. берген. Мындай салт адамдарды жакындатып, бири-биринин сырын билүүгө, ич ара жок нерсесине жардам берүүгө көмөк көрсөткөн, салтанаттуу чогулуштарда эмгек алдыңкыларына, жарышта, мелдеште жеңип чыккандарга сыйлык катары баалуу Б-тер тапшырылган. Учурда майрамдарда, тойлордо, туулган күндө, базарлап келгенде ар кандай Б. берүү салтка айланып калды.