БЕЛГИСИЗ СОЛДАТТЫН (МАТРОСТУН) МҮРЗӨСҮ
БЕЛГИСИЗ СОЛДАТТЫН (МАТРОСТУН) МҮРЗӨСҮ – салгылашта курман болгон жоокерлердин урматына орнотулган эстелик-символ. Биринчи жолу Парижде (Франция) курулган (1921). Москвада (Россия) Александр багында Кремль дубалынын жанында 1967-жылы 8-майда ачылган (архитекторлор Д. И. Бурдин, В. А. Климов, Ю. Р. Рабаев, скульптор Н. В. Томский). 1997-ж. Москвадагы Белгисиз солдаттын (матростун) мүрзөсүнүн жанында №1 пост коюлган. Киев, Севастополь, Керчь ж. б. бир катар шаарларда да Белгисиз солдаттын (матростун) мүрзөсүнө эстеликтер орнотулган.