БЕЛЛИНИЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛЛИНИЛЕР – итал. живописчилердин үй­бүлөсү, Венецияда Кайра жаралуу иск-восун не­гиздөөчүлөр. Үйбүлөнүн башчысы – Я к о п о Б. (1400-ж. чен, Венеция – 1470 же 1471, ошол эле жерде), анын көрүнүктүү графикалык мураста­ры (сүрөт альбомдору, Лувр, Париж ж-а Бри­тан музейлеринде; 1440–50-жылдар), байыркы эстеликтердин, күндөлүк турмуштун эпизоддо-


Жентиле Беллини. «Сан - М ар к о аян - т ы нд а г ы п р оце с - сия». 1496. Акаде­мия галереясы (Ве­неция).

ру, көп жактуу диний мифол. сүрөттөрү сактал­ган. Арх-ралык сүрөттөрүнө готикалык шарт­туулук мүнөздүү. Анын уулу Ж е н т и л е (1430-ж. чен, Венеция – 23. 2. 1507, ошол эле жерде) – атасынан окуган ж-а аны м-н биргеле­шип иштеген. 1474–83-ж. Венеция респ-нын атайын живописчиси кызматында иштеген. 1479-ж. Константинополго султан Мехмед IIнин чакыруусу м-н барып, портреттерди жараткан (Мехмед II, Ул. гал., Лондон; патриарх Жусти­ниани, 1465, Академия гал., Венеция ж. б.). Анын тарыхый-диндик окуялар чагылдырыл­ган көп фигуралуу композициясы («Сан-Марко аянтындагы процессия», «Сан-Лоренцо көпүрө­сүндөгү керемет», «Ыйык Айкаш жыгач менен айыктыруу», 1496–1501, бардыгы Академия гал., Венеция). Кийинки иштерине – «Касиеттүү Марктын Александриядагы насыяты» (Жован­ни Б. бүтүргөн, 1504–07, Брера гал.) кирет. Ж о­в а н н и Б. (1430–1435, Венеция – 29. 11. 1516, ошол эле жерде) – Б. Якопонун экинчи уулу – Венеция мектебинин ири чебери. Ал да атасы­нан окуган. Диний мифол. темадагы классика­лык картиналары колоритинин гармониялуу­лугу, пейзаж сүрөттөрүнүн поэтикалуулугу м-н айырмаланат. Венеция респ-нын атайын живо­писчиси (1433). Жованнинин чыгармалары: «Касиеттүүлөрдүн курчоосунда тактыдагы Ма­донна», «Мадонна кичине бак менен», «Мадон-

Жованни Беллини «Мадонна ымырка­йы менен». 1430. Каррара Академия­сы (Бергамо).

на ымыркайы менен» (1487, Академия гал., Ве­неция), Дож Л. Лоредандын портрети (1502, Улуттук гал., Лондон). «Кудайлардын тойло­шу» (1514, Улуттук гал., Вашингтон) акыркы чыгармасы. Жоржоне ж-а Тициан анын окуу­чулары болгон.

Н. Жылдызова.