БЕРГМАН
БЕ́РГМАН Ингмар (14.7.1918-ж. т., Швеция, Упсала) – швед кино ж-а театр режиссёру, сценарист. 1944-ж. Хельсинборг ш-дык театрда режиссёр. 1959-жылдан Стокгольмдогу драма театрында башкы режиссёр, директор. Киноишмердиги 1943-жылдан башталган. 1963–66-ж. Стокгольмдогу королдук драма театрында ж-а

Мюнхендеги Резиденцтеатрда башкы режиссёр. Белгилүү фильмдери: «Жайкы түндүн ажары» (1955), «Бүлдүркөн талаасы» (1957), «Бет» (1958),
«Булак» (1959). Анын гуманисттик багыттагы, татаал, терең мазмундуу фильмдерине «Жетинчи мөөр» (1957), «Персона» (1966), «Шыбыроо жана өкүрүк» (1972) кирет. Ал фильмдеринин сценарийин көбүнчө өзү жазган. «Күз сонатасы» (1978), «Фанни жана Александр» (1983) фильмдери өзгөчө баага татыйт. Б-дын көптөгөн фильмдери эларалык кинофестивалдарда сыйлык алган.
А. Пазылов.