БЕРДАХ
БЕРДАХ (ылакап аты; чын аты-жөнү – Б е рд и м у р а т К а р г а б а й у у л у; 1827–

1900) – каракалпак акыны. Ал – лирикалык, сатиралык, дидактикалык ырлардын, «Санжыра», «Айдос бий», «Амангелди», «Ерназар бий» деген тарыхый поэмалардын автору. Зулум хандын эзүүсүнө каршы элдин күрөшүн чагылдырган «Акмак падыша» поэма-жомогу каракалпак ад-тынын
эң жогорку үлгүлөрүнөн. Анда Хива хандыгынын эзүүсүнөн жапа чеккен карапайым букаранын кайгы-муңун көрсөтөт. Б-тын чыгармалары эл арасына оозеки түрдө таралган. Араб жазуусу м-н жазылган айрым ырлары сакталган.