БЕЛЛИНИЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 24 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛЛИНИЛЕР – италиялык живописчилердин үй­-бүлөсү, Венецияда Кайра жаралуу искусствосун не­гиздөөчүлөр. Үй-бүлөнүн башчысы – Якопо Беллини. (1400-жылдар ченинде Венеция – 1470 же 1471, ошол эле жерде), анын көрүнүктүү графикалык мураста­ры (сүрөт альбомдору, Лувр, Париж жана Бри­тан музейлеринде; 1440–1450-жылдар), байыркы эстеликтердин, күндөлүк турмуштун эпизоддру, көп жактуу диний мифологиялык сүрөттөрү сактал­ган. Архитектуралык сүрөттөрүнө готикалык шарт­туулук мүнөздүү.

Жентиле Беллини. «Сан - Маркоаян аянтындагы процессия». 1496. Акаде­мия галереясы (Ве­неция).

Анын уулу Ж е н т и л е (1430-жылдар ченинде Венеция – 23. 2. 1507, ошол эле жерде) – атасынан окуган жана аны менен биргеле­шип иштеген. 1474–1483-жылдары Венеция республикасынын атайын живописчиси кызматында иштеген. 1479-жылы Константинополго султан Мехмед IIнин чакыруусу менен барып, портреттерди жараткан (Мехмед II, Улуттук галерея, Лондон; патриарх Жусти­ниани, 1465, Академия галереясы, Венеция жана башкалар). Анын тарыхый-диндик окуялар чагылдырыл­ган көп фигуралуу композициясы («Сан-Марко аянтындагы процессия», «Сан-Лоренцо көпүрө­сүндөгү керемет», «Ыйык Айкаш жыгач менен айыктыруу», 1496–1501, бардыгы Академия галереясында, Венеция). Кийинки иштерине – «Касиеттүү Марктын Александриядагы насыяты» (Жован­ни Беллини. бүтүргөн, 1504–1507, Брера галереясы) кирет. Ж о­в а н н и Беллини (1430–1435, Венеция – 29. 11. 1516, ошол эле жерде) – Беллини Якопонун экинчи уулу – Венеция мектебинин ири чебери. Ал да атасы­нан окуган. Диний мифологиялык темадагы классика­лык картиналары колоритинин гармониялуу­лугу, пейзаж сүрөттөрүнүн поэтикалуулугу менен айырмаланат. Венеция республикасынын атайын живо­писчиси (1433). Жованнинин чыгармалары: «Касиеттүүлөрдүн курчоосунда тактыдагы Ма­донна», «Мадонна кичине баласы менен», Жованни Беллини

«Мадонна ымырка­йы менен». 1430. Каррара Академия­сы (Бергамо).(1487, Академия галереясы, Ве­неция), Дож Лоредандын портрети (1502, Улуттук галерея, Лондон). «Кудайлардын тойло­шу» (1514, Улуттук галерея, Вашингтон) акыркы чыгармасы. Жоржоне жана Тициан анын окуу­чулары болгон.

Н. Жылдызова.