БЕРМЕТ
БЕРМЕТ – сууда жашаган кээ бир үлүлдөрдүн катуу кабыгы м-н ички жука кабыгынын аралыгында пайда болуучу, күмүштөй жалтырап, кубулуп туруучу саргыч түстөгү катуу, тоголок же формасыз өсүндү. Ошол эки кабыктын арасына майда кумга окшогон катуу заттар кирип, денесин өйкөп дүүлүктүргөндө, катуу ж-а ички кабыгы бөлүп чыгарган көмүр кычкыл кальций м-н аралашып, Б. пайда болот. Алар өтө кооз келип, шакек, сөйкө, билерик, чачпак, чолпу сыяктуу буюмдарды кооздоо үчүн пайдаланылат. Б. таруудайдан көгүчкөндүн жумурткасындай көлөмдө болот. Ал көлөмүнө, салмагына карата бааланат. Деңиз Б. Перс булуңу, Кызыл деңиз, Япония, Шри-Ланка, Австралия жээктеринен; тузсуз сууда Б. Россия (Карелия, Мурманск, Архангельск, Ы. Чыгыштан), Шотландия, Германия, Кытай, Түн. Америка өлкөлөрүндө алынат. Б. колго өстүрүү жолу м-н да (Япония) алынууда.