БЕРНАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕРНА́Р (Bernhardt) Сара (22. 10. 1844, Париж – 26. 3. 1923, ошол эле жер) –француз актрисасы ж-а театр режиссёру. Париж консерватория­сынын драма классын бүткөндөн кийин, 1862-ж.

«Комеди Франсез» теат­рында сыноодон өткөн. Андан кийин «Жимназ», «Порт-Сен-Мартен», «Оде­он» театрларында иштеген. Белгилүү ролдору: Занетто (Коппе, «Жолоочу»), Коро­лева (Гюго, «Рюи-Блаз»), Федра (Ж. Расин, «Федра»), Гамлет (У. Шекспир, «Гам­лет») ж. б. Бир нече театр-


ларды, а. и. «Сара Бернар» театрын жетек­теген. 1872–80-ж. Б. кайрадан «Комеди Фран­цез» театрына келип, жаңы классикалык репер­туардагы жаш каармандардын ролун ойногон: Соль айым (Гюго, «Эрнани»), Берта (де Борнье, «Ролла­нын кызы», 1875), Постумия (Пароди, «Жеңилген Рим», 1876). Америка, Европа өлкөлөрүндө, Рос­сияда гастролдордо болуп, чыг-лык өнөрүн тар­туулаган.