БЕСТСЕЛЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕСТСЕ́ЛЛЕР (англ. best – чоң, эң жакшы; sell – сатуу) – өтүмдүү, тез сатылып кетүүчү, көп нускада басылуучу китеп. Б-ди жарыялоо үчүн атайын орун бөлүнөт. Мис., Америкада китеп калктын 1%тен кем эмес бөлүгү тарабынан са­тылып алынганда гана Б. деп эсептелет. Б. сөзсүз түрдө эле өзүнүн көркөмдүк ж-а мазмундук са­паттары б-ча мыкты боло бербейт. Көп учурда китептин тездик м-н сатылып кетишижак-шы уюштурулган үгүттүк өнөктүккө да байла­ныштуу болот.