БЕТХОВЕН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕТХО́ВЕН Людвиг ван (17. 12. 1770, Бонн – 3. 1827, Вена) – немис композитору, пиа­нист ж-а дирижёр. Чоң атасы Бонндогу аксарай капелласынын жетекчиси, атасы ырчы болгон.

Б. 12 жашынан

музыка жаза баш­таган. Венага кел­ген соң (1792) тез эле пианист-төкмө катары даңкы чы­гат. Венадагы ал­гачкы он жылдын ичинде Биринчи ж-а Экинчи сим­фонияны, 6 квар­тет, фортепьяно үчүн соната ж. б. чы г а рм ал а р д ы жаратат. 1804-ж. Үчүнчү («Баатырдык»), Төртүнчү (1806), дүйнөгө атагы кеткен Бешинчи ж-а Алтынчы симфония-


ларды (1808), фортепьяно үчүн айтылуу ¹ 21 («Аврора») ж-а ¹ 23 («Аппасионата») соната­ларды, «Фиделио» операсын, Гётенин «Эгмонт» трагедиясына музыка (1810), Жетинчи ж-а Се­гизинчи симфонияны жазган. Кийинки мезгилде жазган чыгармаларынын шедеври – Тогузунчу симфониясы 1824-ж. 7-майда 1-жолу аткарыл­ган. Б-дин чыгармалары ушул кезге чейин дүйнөлүк музыканын өсүшүнө зор таасир тий­гизип келе жатат.

Ад.: Альшванг А. А. Л. ван Бетховен. Очерк жизни и творчества. 5-изд. М., 1977.