БЕШ КЕШТЕ
БЕШ КЕШТЕ – өрмөкчүлүктө буюмга көркөм көчөт түшүрүүнүн бир ыкмасы. Кыргыз элинде: «Беш кеште жыйдың жүгүңө, береке кирди үйүңө», – деп айтылат. Б. к. «беш сайма» деген түшүнүктү берет. Ак жүндөн жипти ичке ийирип, чыйратып, түрдүү түскө боёп алат. Өрмөккө салып, анын эришин актай согуп баратканда, түрдүү жиптин бирин үстүңкү жипке илип, тыкан байлаганда «көптүрмө саймадай» түр түшүрүлөт. Мында адыргыны көтөрүп, кылычты согуп, аркакты кайра өткөрүп, берки түр жипти үстүңкү жипке байлап отурат. Б. к. – өрмөкчүлүктүн саймасы. Бул ыкманы көбүнчө Кыргндын түш. аймагындагы уздар кеңири колдонушуп, боз үйдүн боолорун, куржун, ат жабуу, шалча ж. б. буюмдарды жасашат.