БЕШИК
БЕШИК – наристени бөлөп, терметүүгө ылайыкталган, жыгачтан жасалган керебетче. Б. бөбөктү аздек бакканга, денесин таза кармаганга, тез уктатканга бир кыйла ыңгайлуу. Ал О. Азия, Казакстан, Кавказ, Иран, Афганстан, Индия калктарында илгертен бар. Көпчүлүк түрк тилдеринде «бешик» сөзүнүн болушу да Б-тин байыркылыгын кыйыр далилдейт. Кыргызда илгери Б. көчмөн турмушка ыңгайланып, жөнөкөй жасалган: билектей жоон бир кулач кайыңдан же талдан эки алкак ийилип, кургаганда алардын «буттарына» көзөнөк оюлган

ж-а көзөнөктөргө жарыш чабактар (таякчалар) бекитилген. Жарыш чабактарга узун-туурасынан аркы-терки сызма тартылып, ага оюгу бар олпок, жалаяк төшөлгөн. Бөбөк булганбас үчүн олпоктун оюгуна шимек (койдун жото жилигинен же жыгачтан) коюлуп, алдында күлтүк кыстарылган. Бөлөөдө кыпчыктар (жаздыкчалар же бүктөлгөн чүпүрөктөр), боортколор (жазы сызмалар), чарчы ороолор колдонулган. Мындай Б-ти кыргыздар көчмөнчүлүк доордо урунуп келген. Ал терметүүгө ыңгайсыз болгон. Кийинчерээк кыргыздардын арасына атайын усталар тарабынан жасалган жорго Б. тарай баштаган. Жорго Б. тал же тыт жыгачынан жасалат. Уз. 1–1,1 м, эни м-н бийикт. 0,5 м келет. Мындай Б-тин астына сызмалардын ордуна туташ жука тактайчалар кагылып, күлтүк (тунуке, чопо, айнек идиш) үчүн гана тешик калтырылат; эки алкагы дого сымал ийилген жазы жыгач болот; бешиктин сабы же аркалыгы (үстүнкү терметкич жыгачы) жумуру жоон жыгачтан жасалат. Б-тин эки таманына жыгач карскан (жаа сымал жыгач) ашталып, алар Б-тин термелишин жеңилдетет. Жорго Б-тин жыгачтары сырдалып, оймо-чийме түшүрүлүп, кооздолот. Баланын бөлөнүшү эки Б-те тең бирдей. Б-тин дагы бир сейрек учуроочу түрү – асма же жел Б. Ал керегелердин башына байланган аркандан жасалып, төмөн жагына бала жатканга ыңгайлуу орундук даярдалган.