БЕШИК ҮЙҮ
БЕШИК ҮЙҮ (я с л и) – 2–3 айлыктан 3 жашка чейинки балдарды тарбиялоого арналган коомдук мекеме. Б. ү. балдардын акыл-эс, дене түзүлүшү жактан бир калыпта өсүшүнө, тарбияланышына шарт түзөт. Алардын денсоолугун чыңдоо м-н бирге энелердин ар түрдүү чарбалык, маданий ж-а коомдук жумуштарга катышуусуна мүмкүндүк берет. Алгачкы Б. ү. 19-к-да (1913) Россияда, ал эми Кырг-нда 1974-ж. уюштурула баштаган.