БЕШ-ТОО
БЕШТОО – Түн. Кавказдагы обочо жайгашкан беш чокулуу тоо. Жанартоонун атылуусунан пайда болгон лакколит. Пятигорск ш-на жакын жайгашкан. Бийикт. 1400 м. Трахит ж-а липарит тоотектеринен түзүлгөн. Капталдарын жазы жалбырактуу токой (ясень, эмен, граб, бук) ээлейт, кыры токойсуз.