БИ-БИ-СИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИ-БИ-СИ (ВВС – British Broadcasting Corpo- ration – Бритиш Бродкастинг Корпорейшн) – дүйнөлүкрадиоуктуруукорпорациясы.1927-ж. Лондондо негизделип, Англия Өкмөтүнүн кон­тролунда турат. Эларалык маанидеги ири ж-а кеңири белгилүү бул корпорациянын иш-ара­кеттерине Улуу Британиянын королевасы та­рабынан дайындалган Тескөөчү кеңеш жетек­чилик жүргүзөт. Жалпы ишмердиги адегенде Англиянын Почталар министрлиги м-н түзүлгөн эки тараптуу өзара келишимдин негизинде баш­талган. Алгач өз берүүлөрүн жерг. угуучуларга гана багыттап келсе, 1932-жылдан ал маалы-

14 –100


маттарды чет өлкөлүк англис тилдүү мамлекет­терге да (АКШ, Канада, Австралия, Жаңы Зе­ландия, колониялык өлкөлөр ж. б.) жайылт­кан. 1936-жылдан телекөрсөтүүлөрдү да жүзөгө ашырган. 20-к-дын экинчи жарымында Би-Би- Си өз радиоберүүлөрүн Советтер Союзу ж. б. соц. өлкөлөргө өз элдеринин тилинде уктурган. 1965-ж. анын карамагында 16 миңге жакын адам иштеп, уктуруулары дүйнөнүн 35 тилинде жүргүзүлгөн болсо, азыр анда 20 миңге жакын кызматкерлер эмгектенип, берүүлөр 42 тилде 150 млндон ашык радиоугуучуларды тейлейт. Би- Би-Синин Кыргыз кызматы расмий түрдө 1995-ж. Лондондо Борб. Азия ж-а Кавказ секциясынын курамында ачылып, күн сайын жарым сааттык берүүлөрү кыргыз тилинде жүргүзүлүүдө. Биш­кектеги Би-Би-Синин офиси 2005-ж. март айын­да ачылып, анда кыргыз журналисттери эмгек­тенет.

Т. Ишемкулов.