БИЕШУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЕ́ШУ Мария Лукьяновна (3.8.1935-ж. т., азыркы Штефан-Водэ р-ну, Волонтировка кыш.) – молдован ырчысы (лирика-драмалык сопра­но), СССР эл арт. (1970), Соц. Эмг. Баатыры (1990). Молдова консерва­ториясын бүткөндөн (1961) Молдова опера ж-а балет театрынын солисткасы, 1965–67-ж. «Ла Скала» те­атрында стажировкада бол­гон. Чио-Чио-сандын пар­тиясын аткаруучулардын эларалык конкурсунда (Япо­ния, 1967) 1-сыйл. алган. Молдова консерваториясы­нын проф. (1986). Лениндик сыйл. (1982), СССР мамл. сыйл. (1974) лауреаты.