БЕЛОВОДСКИЙ
БЕЛОВО́ДСКИЙ (мурдагы А к - С у у) – Чүй облусунун Москва районундагы кыштак. Райондун ж-а Беловодский айыл өкмөтүнүн борбору. Бишкек – Ташкен автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 760 м бийиктикте жайгашкан. Беловодский темир жол бекетинен 2 км. Бишкек шаарынан 40 км батыш тарапта. 1866-жылы отурукташкан. Калкы 19 831 (2006). Эки орто мектеп, атайын мектеп, лицей, спорт мектеби, 4 бала бакча, оорукана, поликлиника, дарыкана, ден соолукту чыңоочу жай, кинотеатр, 3 китепкана, 2 клуб, кафе-барлар, ашканалар бар.