БИЙ КҮҮЛӨРҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЙ КҮҮЛӨРҮ – комуз, кылкыяк, темир ооз­комуз, чоор күүлөрүнүн бир түрү. Алардын кай­рыктары кыска, обондуу, ыргактары так, бий мүнөздөрү айкын. Айрыкча комуз күүлөрүндө «Эски бий күү», «Теңсел», «Чайкалма», «Бий күү», «Тактеке», «Селкинчек» аттуу атайын Б. к. кезигет. Б. к-нүн дагы бири – «Калмак бий». Анын 4–5 варианты бар. Бир ыргакты кармап туруу м-н, бийчини экстазга жеткирүү, аны кай­радан күүнүн жандырмагы м-н акыл-эсине кел­тирүү, элдин көңүлүн ачуу, атайылап күлдүрүү бул күүлөрдүн негизги максаты болгон. Анын айрым үлгүлөрү «Кыргыз музыкасынын анто­логиясында» өзүнчө жанр катары берилген.