БЕЛОКТОР
БЕЛОКТОР , п р о т е и н д е р – пептид байланышы аркылуу байланышкан амин к-таларынан турган ири мол. табигый орг. бирикмелер. Б. – тиричиликтин материалдык негизи, бардык тирүү организмдердин өтө маанилүү курамдык бөлүгү. Организмде таяныч, булчуң, коргогуч ткандардын курамына кирип, зат алмашуу-
да, клеткалардын көбөйүшүндө негизги мааниге ээ. Бардык ферменттер, гормондордун көбү, иммунитет учурунда пайда болгон антителолор да Б-дон турат, о. эле организмдеги көптөгөн тиричилик кубулуштары – зат алмашуу, өсүү, көбөйүү, тукумкуугучтук ж. б-га түздөн түз катышат. Анда карбоксил (к-талык) ж-а амин (негиздик) топтору болгондуктан, амфотердүү касиетке ээ. Алардын кээ бирлери сууда оңой эрисе, айрымдары туздуу эритмелерде, башкалары күчтүү жегичте гана эрийт. Амин к-талары Б. молекулаларында пептид байланышы (–СО–NH–) аркылуу биригет. Цистин амин к-тасы катышса, дисульфид байланышы (–S–S–) болот. Алардын молекуласында бир нече полипептид тизмеги болушу мүмкүн. Ал тизмектеги амин к-талары ар бир белоктун өзүнө гана тиешелүү тартипте жайгашат. Полипептид чынжырында амин к-талары белгилүү тартипте кезектешип жайгашуу ырааты, биринчилик, амин к-тасындагы байланыштын айрым жерлери спираль түрүндө буралып, экинчилик структураны түзөт. Экинчилик структуранын бүгүлүшүнөн же буралып толгонуусунан алардын ортосунда кошумча суутек байланышы түзүлүп, үчүнчүлүк структура пайда болот. Бир нече Б. биригип, спиралдардын бир боо болуп чогулушу төртүнчүлүк структураны пайда кылат. Полипептид
чынжырынын жайгашуусуна жараша белок молекулаларынын формасы жип сымалдан (эт булчуңу–миозин, мал жүнү, жибек пилласы ж. б.) тоголокко (альбумин, глобулин, гемоглобин ж. б.) чейин өзгөрөт. Б-дун түзүлүшүн изилдөө аларды синтездеп алууга мүмкүндүк берди. Алар жөнөкөй (амин к-таларынан гана турган) ж-а татаал (амин к-тасы ж-а бирикмелерден турган) болуп бөлүнөт. Жөнөкөй Б-го альбуминдер, глобулиндер ж. б., татаал Б-го гликопротеиндер, нуклеопротеиндер ж. б. кирет. Б-дун организмде амин к-таларынан пайда болуу процесси биосинтез деп аталат. Б-ду
өсүмдүктөр ж-а микроорганизмдер гана синтездейт. Киши, жаныбар организмине Б. тамакаш ж-а тоют аркылуу келет.
Ад.: Щульц Г. Э., Ширмер Р. Принципы структурной организации белков. М., 1982; Овчинников Ю. А., Шамин А. Н. Строение и функции белков. М., 1983.
Ж. Чотоев.