БЕЛУХА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛУ́ХА – Алтай тоосунун эң бийик чокулары. Катын кыркатоосунун чыгыш бөлүгүндө. Эки чокудан турат: Батыш Б. (бийикт. 4440 м) ж-а Чыгыш Б. (4506 м). Капталдарында жалпы аян­ты 70 км2ге жеткен мөңгүлөр (Менсу, Катын, Берель ж. б.) бар. Чокунун аты «кар-мөңгүлүү» деген мааниде.