БЕЛФАСТ
БЕ́ЛФАСТ – Улуу Британиядагы шаар. Түндүк Ирландиянын саясий ж-а экономикалык борбору. Ирланд деңизинин жээгинде жайгашкан. Калкы 275 миң (2005). Белфаст-Лох булуңунун жээгиндеги порт. Темир жол тоому, аэропорт, университет (1845-жылдан)

бар. Кеме куруунун ири борбору. Машина куруу, электр-техника, прибор куруу, зыгыр, жеңил
өнөр жайлары иштейт. 12-кылымдан белгилүү. 19–20-кылымдардын архитектура эстеликтери (собор, музей, парламент) сакталган.