БИЛЕРИК
БИЛЕРИК – кыз-келиндер билегине салына турган асем буюм. Алтын, күмүш, жезден, о. эле мүйүздөн да жасалган. Зергерлер Б-ке асыл таштардан көзчө салып, «кыял», «мүйүз» өңдүү оюмчийимдин татынакай нускаларын түшүрөт.
Б-тин жалпак ж-а жумуру түрлөрү болот. Мүйүз Б. да
өзүнчө көркөмдөлөт. Мүйүздүн көңдөй жеринен арааланып алынат да, Б. турпатына келтирилет. Мүйүз Б-ке да акак таш ж. б. чөгөрүлүп, оюм-чийим м-н кооздолот. Учурда желим, үлүл кабыктарынан, иштелген тери ж. б. көркөмдөлүп жасалган Б-тин ар
кандай түрлөрү кездешет.