БЕНЗОЙ КИСЛОТАСЫ
БЕНЗО́Й КИСЛОТАСЫ , С6Н5СООН – эң жөнөкөй ароматтык к-та; түссүз, жалтырак кристаллдар. Б. эрүү t 122,4°С, кайноо t 249,2°C. Ага бардык монокарбон к-таларынын касиеттери тиешелүү. 370°Сде бензолго ж-а СО2ге чейин ажырайт. Бензохлорид м-н жогорулатылган темп-рада бензой ангидриди пайда болот. Б. к. ж-а анын эфирлери эфир майларында, бальзамдарда, бензой чайырында кездешет. Өндүрүштө толуолду HNO3 м-н окистендирүү, фталь к-тасын декарбоксилдөө ж. б. жолдор м-н алынат. Туздары ж-а эфирлери антисептик касиетке ээ. Анын натрий туздары медицинада, тамак-аш азыктарын консервалоодо, ал эми эфирлери парфюмерияда, боёк синтездөөдө колдонулат.