БЕНТОС
БЕ́НТОС (гр. btnthos – тереңдик) – океан, деңиз ж-а көл түбүндө жашоочу организмдер жыйындысы. Б. организмдери суу түбүндөгү субстратка жараша тиричилик өткөрөт ж-а зообентос (жаныбарлар), фитобентос (өсүмдүктөр), бактериябентос (бактериялар) болуп бөлүнөт. Деңиз зообентосуна фораминиферлер, былпылдактар, ичеги көңдөйлүүлөр, асцидиялар, балыктар; фитобентоско деңиз түбүндөгү бактериялар, балырлар кирет. Деңиз Б-у балык сыяктуу суу жаныбарларына жем, айрымдарын (балыр, краб ж. б.) адамдар тамак-ашка пайдаланат. Ысыккөлдүн зообентосуна нематоддор, олигохеттер, сүлүктөр, жумшак денелүүлөр (үлүлдөр), муунак буттуулар, курт-кумурскалар, алардын личинкалары кирет. Б-тун курамы, таралышы, биол. продуктуулугу төмөнкү экол. факторлорго байланыштуу: субстраттын мүнөзүнө ж-а анын туруктуулугуна, суу агымынын ылдамдыгына, темп-расына, газ режимине ж. б. Б-тун океандагы жалпы биомассасы 10 млрд т га жетет; анын 90%ке жакыны шельфке ж-а материктик капталдарга туура келет.
К. Молдошев.